Вакансиялар
СЫНАК ЖАРЫЯЛАНАТ!
Жарыяланган датасы:
03.07.2026
Акыркы күн 13.07.2026
Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы улук жана башкы административдик муниципалдык кызмат орундарынын кадрлар резервин толуктоо үчүн ачык сынак жарыялайт.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: жарыяланган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде
Акыркы күн: 13-июль 2026-жыл
Талапкерлерге коюлган негизги талаптар:
Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына:
Тийиштүү багыттагы жогорку билим
Мамлекеттик же муниципалдык кызматта жалпысы 3 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы
Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына:
Тийиштүү багыттагы жогорку билим
Мамлекеттик же муниципалдык кызматта жалпысы 1 жылдан кем эмес, же кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер:
Арыз
Резюме
Билим тууралуу документтердин көчүрмөсү
Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер болсо)
Илимий даража тууралуу документтер (эгер болсо)
Башка талап кылынган документтер
Документтерди онлайн тапшырууга болот
Суроолор боюнча:
Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Ленин көчөсү №1
Кошумча маалымат үчүн байланыш:
(03746) 5-10-58
0778 35-50-11
Эскертүү: Белгиленген талаптарга жооп бербеген талапкерлердин документтери кабыл алынбайт.
Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз! Муниципалдык кызматта иштөөгө кызыккандарды сынакка катышууга чакырабыз.