Көрүүсү начарлар үчүн версия

Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат

Кара-Көл шаарынын мэриясынын 2024-жылдьш “ 30 ” июлундагы №418-б буйругуна

1-тиркеме

2025-2030 - жылдарга Кара-Көл шаарынын мэриясынын коррупцияга каршы араксттенүү боюнча

мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу жөнүндө
ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

(2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн)

1-глава. Социалдык чөйрөнүн жана экономиканын тармактарында жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара

аракеттүнүүсүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу

 

Милдетгер

Иш-чаралар

Ишке

ашыруу

мөөнөттөрү

 

Күтүлүүчү

натыйжалар

Жооптуу аткаруучулар

 

Аткарылышы 

1234567
 Социалдык чөйрөнүн жана экономиканын тармактарында жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен  өз ара аракеттенүүсүндө коррупициялык тобокелдиктери минималдаштыруу1. Бийлик органдарынын жарандар жана жеке сектор менен өз ара аракеттенүү процесстерин автоматташтырууга багытталган ченемдик укуктук актыларга талдоо жургүзүү, жол-жоболордун жана чечимдерди кабыл алуу процесстеринин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу, коомдун маалымдуулугун жогорулатуу2025-жылЖол-жоболордун айкындуулугун жана ачыктыгьн камсыз кылууга, санариптештирүү фонунда талап кылынган документтердин тизмесин кыскартууга багытталган ченемдик укуктук актылар кабыл алынды

Мэриянын жооптуу кызматкерлери,

Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы,

Бюджеттик мекемелердин жетекчилери

Менчигинин түрүнө карабастан мекеме-ишканалардын жетекчилери

1.Жарандардын мамлекетик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө коррупцияны жок кылуу максатында жол жоболордун  айкындуулугун жана ачыктыгын кылууга иш-чаралар түзүлүп, жарандар өзүлөрүнө тиешелүү зарыл болгон документерин санариптештирүү жолу менен алууда. Кара-Көл шаарынын мэриясы 2021-жылдын март айынан баштап “Санарип Аймак” автоматташтырылган маалыматтык тутумуна кожолуктарды жана калкты каттоо иштерин жүргүзүп, тиешелүү маалыматтар киргизилип, 2023-жылдын январь айынан тартып “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жарандарга жеткиликтүү болгон маалыматтарды (маалымкаттарды) кагаз түрүндө берүү толугу менен токтотулган. Бүгүнкү күндө жарандарга кагаз түрүндө маалымкаттар берилбейт.

КК РЭТ электр энергияга болгон төлөмдөрдү накталай кабыл алуучу кассасы   жоюлуп, “Кыргызстан  Улуттук электр тармагы”ААКнун “Мой свет” тиркемесин ишке ашырып, төлөмдөрдү Мбанк,Элдик банк,Баланс жана башка тиркемеден төлөм жүргүзүүдө. Салык төлөөчүлөр  менен иш алып барууда кызматкерлер автоматташтырылган ИНСАК,INSP.SALYK  программалары аркылуу иштер жүргүзүүлөт. Ал эми салык төлөчүлөр салык кызматына келбей арадан иш алып баруу үчүн,салык төлөө боюнча отчетторду,маалым каттарды,тактамаларды алыш үчүн Cabinet.salyk.кg сайтында Жеке кабинети аркылуу алышууда. 

"Түндүк"  ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон кызматтарды көрсөтүүдө  жеке жана юридикалык жактардан талап кылынган документтердин (маалымкаттар дын, маалыматтардын ж.б.) тизмесин кыскартуу боюнча чараларды көрүү2025-2026-жылдар 

2. “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу тиешелүү маалыматтарды алуу зарылдыгы жөнүндө калк арасында кеңири маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Муниципалдык менчик башкармалыгынын бөлүмдөрүндө уюштурулган атайын стенддерге “Түндүк” мобилдик тиркемесине катталуу, тиешелүү маалыматтарды алуу боюнча инструктаждар илинген. Азыркы учурда, мэриянын жана муниципалдык менчик башкармалыгынын адистери тарабынан “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу тийиштүү маалыматтарды алуу боюнча жарандарга жеринде консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүлүүдө. 

 

 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге берүү бөлүгүндө өркүндөтүүКыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана ЖӨБОнун аутсорсингди уюштуруу үчүн кызмат көрсөтүү боюнча функцияларына талдоо жүргүзүүнү уюштуруу боюнча, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүн аутсорсингге берүүнүн вариантын аныктоо жана баалоо үчүн рыноктун даярдыгын талдоо тартибин аныктоо боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү караган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүгө юридикалык/жеке жактарды мамлекеттик аккредитациялоо жөнүндө типтүү жобону иштеп чыгуу2025-жылдын                3-кварталыТиптүү жобону бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук акт кабыл алынды

Мэриянын аппарат жетекчиси,

 

Мэрияньш башкы адиси

 

Мэрияньш социалдык маселелер боюнча башкы адиси

 

шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы

 

 

 

 

 

 

                Маселе каралууда               

2-глава. 
 Бюджеттик процесстердин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, контролдоо системасын өркүндөтүү жана финансылык тартипти бекемдөө

1. Төмөнкүлөргө багытталган бюджеттик укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды колдонууга талдоо жүргүзүү:

- кирешелерди, бюджеттик бөлүнгөн каражаттарды түзүүнүн, мамлекеттик долбоорлорду ишке ашыруунун, салык жеңилдиктерин берүүнүн, мамлекеттик (муниципалдык) менчик объекттерин менчиктештирүү процесстерин ишке ашыруунун мыйзамдуулугун жана толуктугун камсыз кылуу;

- бюджеттик документтерди жарыялоо аркылуу бюджеттин ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү, бюджеттик каражаттардын чыгымдалышын контролдоо жана көзөмөлдөө механизмдерин бекемдөө, бюджеттик процесстерге жарандык коомду тартуу, жаңы санариптик технологияларды пайдаланууда жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу

2025-жылдын 2-жарым жылдыгыАналитикалык кат түзүлдү

Мэрдин орун басары, 

Мэриянын экономика, курулуш  жана инвестиция боюнча бөлүм башчысы,

Мэриянын экономика маселелери боюнча жетектөөчү адиси,

КР ФМ Кара-Көл финансы башкармалыгы,

КР ФМ караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгы.

 

Маселе каралууда, анализ жүргүзүлүүдө

3-глава. Санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү жана азыркы этапта коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу чараларынын бири 

катары мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдүн ишине маалыматтык технологияларды киргизүү

 Улуттук таанымал кызмат адамдарынын (мындан ары - ТКА) бирдиктүү маалыматтар базасын иштеп чыгуу"Түндүк" ВЭӨС менен интеграциялоо жана "Түндүк" ВЭӨС катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү чечимдеринин каталогуна сервисти жайгаштыруу менен улуттук ТКА маалыматтар базасынын бирдиктүү форматын түзүү2025-жылдын I жарым жылдыгыИдентификацияланган адамдардын барууларын эсептегич менен актуалдуу жана жаңыртылуучу ТКА маалыматтар базасынын болушу

Мэриянын аппарат жетекчиси,

 

Мэриянын кадрлар жана уюштуруу иштери боюнча башкы адиси,

 

Мэриянын башкы адиси

 

 

 

Улуттук таанымал кызмат адамдарынын бирдиктүү маалыматтар базасын иштеп чыгуу боюнча шаардын аймагында таанымал болгон мамлекттик жана коомчулук үчүн маанилүү кызматтарды ээлеген адамдар тууралуу расмий,так жана ишенимдүү  маалыматтары  чогултуу жагы каралууда. 
 Жүк ташууларды контролдоо боюнча системаны ишке киргизүү

Төмөнкүлөрдү камтыган жүк ташууларды контролдоо боюнча автоматташтырылган маалыматтык системаны (АМС) иштеп чыгуу:

- салмак-габариттик контролдоонун автоматташтырылган системасын ишке киргизүү;

- жүктүн абалын жана жайгашкан жерин белгилөө үчүн электрондук документ жүгүртүү системасы, транспорттук-логистикалык кубаттуулуктарды резервдөө;

- электрондук товар коштоочу документтерди онлайн берүү

2025-жылЖүк ташууларды контролдоо боюнча АМС иштөөдө

Мэрдин орун басары, 

 

Мэриянын экономика, курулуш жана инвестиция боюнча бөлүм башчысы,

 

Мэриянын экономика маселелери боюнча жетектөөчү адиси,

Мэриянын өнөр-жай, транспорт, байланыш жана коммуналдык чарба маселелери боюнча жетектөөчү адиси;

ЖТИ-30;

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жерде жана суу транспорту департаментинин Жалал- Абад аймактык башкармалыгьшьш Кара-Көл транспорт көзөмөлдөө пункту

«Ош-Бишкек» эл аралык маанидеги унаа жолунун 386-чакырымында жайгашкан Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын Кара-Көл транспорттук көзөмөлдөө пунктуна 2018-жылы жүк ташууларды көзөмөлдөө боюнча автоматташтырылган маалыматтык система (АМС) иштелип чыгып, салмак-габариттик  көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган  системасы ишке киргизилип, Жүктүн абалын жана жайгашкан жерин белгилөө үчүн электрондук документ жүгүртүү системасы  транспорттук –логистикалык кубаттулуктарды резервдөө иштери жүргүзүүлүдө. Электрондук товар коштоочу документтерди онлайн берүү системасы иштейт. 
 Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, административдик жол-жоболорду санариптештирүү1. Лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү кошкондо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук-санариптик форматка өткөрүүнү жана "Түндүк" ЭВӨС аркылуу мамлекеттик (муниципалдык) органдардын санариптик өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо, административдик жол-жобону жүргүзүү процессинде санариптик технологияларды колдонуу, экономиканын бардык тармактарында АМСти ишке киргизүү, башка АМСтер менен интеграциялоо2025-2026-жылдарМамлекеттик жана муниципалдык кызматтар калкка электрондук-санариптик форматта көрсөтүлүүдө, коррупциялык тобокелдиктер минималдаштырылды

Мэрдин орун басары, 

 

Мэриянын экономика, курулуш жана инвестиция боюнча бөлүм башчысы,

 

Мэриянын экономика маселелери боюнча жетектөөчү адиси,

 

Мэриянын өнөр-жай, транспорт, байланыш жана коммуналдык чарба маселелери боюнча жетектөөчү адиси;

 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, административдик жол жоболорду санариптештирүү. Кызмат көрсөтүүлөрдү тездетүү жана жеңилдетүү –жарандар кезек күтпөй, документтерин онлайн аркылуу тапшырып, кызмат көрсөтүлүүдө. Калкты каттоо жана паспорттук кызматтар азыркы учурда  онлайн режиминде алышууда. Билим берүү мекемелеринде 1-класска жана мектепке чейинки мекемелерге кабыл алуу https://mektep.edu.gov/kd электрондук журнал аркылуу жүргүзүлүүдө. Аталган электрондук журналга каттоонун биринчи этабы апрель айында өткөрүлдү.   ”Түндүк” платформасы аркылуу жарандар керектүү документерин өз убагында алууда.

 

2. ЖӨБОдо жерди пайдалануу боюнча иштин санариптик эсебин, ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлердин санариптик реестрин түзүү2025-2026-жылдарЖерди пайдалануунун натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун олуттуу жогорулатууну камсыздоочу жерге жайгаштыруунун санариптик технологиялары ишке киргизилди

Мэрдин орун басары, 

Мэриянын

архитектура, курулуш жана жер маселелери боюнча башкы адиси,

 

Мэриянын өнөр- жай, транспорт, байланыш жана коммуналдык чарба маселелери боюнча жетектөөчү адиси,

 

муниципалдык менчик башкармалыгы,

 

Жерлерди пайдалануу боюнча ШММБнын кызматкерлери ЕРМИ программасын окуп келишип, “Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реесри”модулун  толтуруп жатышат. Шаардык мэриянын жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү кезеги тууралуу маалыматтарды актуалдаштыруу жагы мэриянын башкы адиси толтуруда. 
 Жарандардын маалыматка жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу

Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО расмий сайттарында алардын иши жөнүндө, Коррупцияны алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалыматтарды мезгил-мезгили менен жарыялоо, жарандардын маалыматка эркин жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү программалык-маалыматтык камсыздоонун санариптик технологияларын киргизүү, ошондой эле мобилдик тиркемелерди өнүктүрүү.

Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО басма сөз кызматтары аркылуу иш жөнүндө актуалдуу материалдарды чагылдыруу

2025-2027-жылдар

Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО расмий сайттарында алардын иши жөнүндө, "Коррупцияга каршы аракеттенүү" атайын бөлүгүн маалыматтык толтурууну актуалдаштыруу аркылуу Коррупцияны алдын алуу жаатындагы иштер жөнүндө маалыматтарды жарыялоо боюнча чаралар көрүлдү.

Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО иши жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө заманбап программалык-маалыматтык камсыздоо жана мобилдик тиркемелер ишке киргизилип, маалыматка жетүү мүмкүндүгү камсыз кылынды

Мэриянын аппарат жетекчиси,

 

мэриянын башкы адис- юристи,

 

мэриянын кадрлар жана уюштуруу иштери боюнча башкы адиси, 

 

мэриянын документтерди камсыздоо жана көзөмөлдөө секторунун жетектөөчү адиси

Жарандардын маалыматка жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу боюнча шаардык мэриянын расмий сайтына коррупциянын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалыматтар жарыяланууда. Жарандар  үчүн маалымат издөөнү жеңилдеткен Facebook, Instagram баракчалары аркылуу шаарда болуп жаткан жана жасалган маалыматтар толугу менен чагылдырылып, актуалдуу маалыматтар менен толукталууда. Ошондой эле мэриянын  ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында QR-код аркылуу колдонулуучу АИС «ОТЗЫВЫ» системасынын негизинде мэриянын 

QR-коду шаардын көрүнүктүү жерлерине илинип, жарандарга тиешелүү маалымат берилди.

 Коопсуздукту башкаруу системасын автоматташтыруу жана өнүктүрүүКалктуу конуштардын коомдук жерлеринде укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу маселелерин караган географиялык камтууну жана функционалды кеңейтүү менен "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизүүнү улантуу2025-2027-жылдар"Коопсуз шаар" долбоору географиялык камтууну жана функционалын кеңейтүүдө

Мэрдин орун басары, 

 

Мэриянын өнөр- жай, транспорт, байланыш жана коммуналдык чарба маселелери боюнча жетектөөчү адиси,

 

муниципалдык менчик башкармалыгы,

 

Жазы-Кечүү айыл аймактык башкармалыгы,

 

Кетмен-Төбө айыл аймактык башкармалыгы

Коопсуздукту башкаруу системасын автоматташтыруу жана өнүктүрүү боюнча шаардын орчунду жерлеринде видео байкоолор орноштурулган. Мындан сырткары, мектептерде, мектепке чейинки окутуу мекемелеринде жана калкка кызмат көрсөткөн мекемелерде  видео байкоолор орноштурулуп, билим берүү мекемеси тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Ошондой эле, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ош-Бишкек жолуна 360 градустагы камералар коюлган.   Коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу үчүн шаардык кеңешке милиция кызматкерлерине 10 планшет жана 16 видео камера алып берүү боюнча сунуш жөнөтүлүп,   акча каражаты бөлүнүп, ШММБ тарабынан мамлекеттик сатып алуу порталына жарыяланып сатып алынып,шаардын орчунду жерлерине орнотулду. 

4-глава.  Стратегияны ишке ашыруу механизмдери, финансы ресурстары

 Стратегияны ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгууКоррупцияга каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык ыкмаларды жана багыттарды камтыган, ушул Иш-чаралар планынын биринчи этабын ишке ашыруу механизмдерин камсыз кылуу2025-жылдын I кварталыМамлекеттик бийлик органдары жана ЖӨБО тарабынан жыл сайын Стратегиялык документтин иш-чаралар планын ишке ашырууну камсыз кылуучу иштин багыттары боюнча деталдаштырылган коррупцияга каршы пландуу иш-чаралар бекитилген

Мэриянын аппарат жетекчиси,

 

мэриянын башкы адис

1. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча 5 жылга иш-чаралар планы иштелип чыгып, мэриянын буйругу менен бекитилип, аткарууга алынган.

План улуттук стратегияга ылайыкташтырылган жана 5 негизги багытты камтыйт: ачыктык, кызмат көрсөтүү сапаты, кызматкерлердин жоопкерчилиги, коомчулук менен байланыш жана мониторинг.

2. Ачыктыкты камсыз кылуу боюнча иштер

Мамлекеттик сатып алуулар жана тендерлер боюнча маалыматтар мэриянын расмий сайтына жарыяланууда.

Мэриянын ыкчам чечимдери тууралуу калкты кабардар кылуу үчүн социалдык тармактар активдүү колдонулууда.

3. Кызмат көрсөтүү тармагында коррупцияны азайтуу

«Бирдиктүү терезе» принциби менен иш жүргүзүлүп, бюрократия жана ортомчулар жоюлууда.

Мэриянын веб-сайты аркылуу электрондук кайрылуулар кабыл алынууда.

 

4. Кызматкерлер арасында түшүндүрүү жана этиканы жогорулатуу иштери

2025-жылдын жарым жылдыгында мэриянын кызматкерлерине коррупцияга каршы күрөшүү жана этикалык жүрүм-турум боюнча семинарлар өткөрүлдү.

Кызматкерлер жазуу түрүндө коррупцияга аралашпоого милдеттенме алышты.

5. Коомдук көзөмөл жана жарандардын катышуусу

Мэриянын   ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында QR-код аркылуу колдонулуучу АИС «ОТЗЫВЫ» системасынын негизинде мэриянын 

QR-коду шаардын көрүнүктүү жерлерине илинип, жарандарга тиешелүү маалымат берилди.

6. Мониторинг жана баалоо

Ар бир кызматкер квартал сайын өз иштери боюнча отчет тапшырып, баалоо жүргүзүлүүдө.

 Коррупцияга каршы иш-чараларды өз убагында жана толук финансылык камсыздооСтратегияны ишке ашыруу боюнча коррупцияга каршы иш-чараларды каржылоо2025-2027-жылдарСтратегиядан келип чыккан коррупцияга каршы иш-чаралар мамлекеттин бюджетинен жана башка мүмкүн болгон булактардан каржылоо менен камсыз болгон, бул аларды натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет

Мэриянын аппарат жетекчиси,

 

мэриянын башкы адис

 

мэриянын каржы маселелери боюнча адиси.

 

 

 

 

 

 

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 9-декабрь Коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык күнүн белгилөөгө, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн буклеттерди даярдап, мониторинг жүргүзүү максатында сурамжылоо, тегерек столдорду өткөрүүгө 2025-жылга карата 6  айдын жыйынтыгы менен бюджетке сунуштоо үчүн зарыл болгон чыгымдардын сметасы түзүлүүдө.

 

5-глава.  Стратегияны ишке ашыруу процесстерине мониторинг жана баалоо жүргүзүү

 Стратегияны ишке ашыруу процессине системалуу мониторинг жана баалоо жүргүзүү1. Сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту даярдоо үчүн ички мониторинг жүргүзүү2025-2027-жылдар (жыл сайын)Жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен, жооптуу аткаруучулар тарабынан Стратегиядан келип чыккан ушул Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчеттор Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилетМэриянын жооптуу кызматкерлери

2025-жылдын 9 айында мэриянын аппаратында 3 коррупцияга каршы аппараттык окуу өткөрүлүп, 23 кызматкер катышты, 1 тегерек стол өткөрүлүп, 55 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышты. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мэрия тарабынан 18 тендер ачык жарыяланды.

Мэриянын веб-сайтында калк арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо 85% тургундар кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын жогорулаганын белгилешти. Мэрдин эл менен жолугушууларында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүүлүдө. 

 

Эскертүү: "Жооптуу аткаруучулар" графасында көрсөтүлгөн аткаруучу катарындагылардын ичиндеги мамлекеттик органдар коюлган милдеттердин аткарылышы үчүн жооптуу болот, калган кошо аткаруучулардын арасында иш-чараларды ишке ашыруу боюнча ишти уюштурат, маалыматты чогултууну жана жалпылоону жүзөгө ашырат, аларды ишке ашыруу боюнча өзүнчө чараларды көрүү талап кылынган иш-чаралардан тышкары, белгиленген иш-чаралардын ишке ашырылышын камсыз кылат (маалымат ар бир аткаруучу тарабынан өз алдынча коррупцияга каршы иш-чаралардын аткарылышын координациялаган жана мониторинг жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет). Иш-чараларды кошо аткаруучулар аларды биргелешип ишке ашырууга активдүү катышат, негизги (биринчи) аткаруучуга зарыл болгон маалыматты жана маалымдарды берет, тиешелүү сунуштарды киргизет жана ушул Иш-чаралар планына ылайык күтүлгөн жыйынтыктарга жеткенге чейин иш-чараларды ишке ашырууда ага көмөк көрсөтөт.

 

Мэриянын аппарат жетекчиси                                                                                                                    А.Т.Анарбаева