Мэриянын тарыхы
1962-жылы Кара-Көл шаарчасы (поселок) негизделгенден кийин, жергиликтүү бийлик катары поселкалык совет түзүлгөн. Поссоветтин биринчи төрагасы болуп Каипов Бекташ дайындалган.
Ал эми 1965 жылдан 1977- жылга чейин Кара-Көл поселоктук советинин аткаруу комитетинин төрагасы болуп Масиров Камчыбек шайланган жана көрсөтүлгөн ишенимди абийирдүүлүк менен аткарып жемиштүү иштеген.
1977-жылдын 7-январындагы Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Указы менен поселок областка баш ийген шаар болуп статусу өзгөрүлөт. Шаардын статусун алганга байланыштуу Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун 1977-жылдын 7-январындагы №1279-1Х Токтому чыгып, Кара-Көл шаарында жайгашкан шайлоо округдары боюнча шайланган Таш-Көмур шаардык советинин депутаттары кезектеги шайлоо өткөнгө чейин депутаттардын Кара-Көл шаардык советинин депутаттары болуп эсептелип, шайлоочуларынын өкүлү болушкан. Ошол эле жылдын 27-апрелинде 1-чакырылыштагы шаардык советтин депутаттарынын биринчи уюштуруу сессиясы өтүп, шаардык советтин аткаруу комитетинин төрайымы болуп Абдысаматова Роба Насыровна шайланган.
Абдысаматова Р.Н. аткаруу комитетинин төрайымы катары шаардын өнүп-өсүшүнө көп салым кошкон. Роба Насыровнанын принципиалдуулугу, тырышчаактыгы менен шаарда көп социалдык объектилер курулган: маданият үйү, оорукана, жолдор, тротуарлар оңдолуп салынган.
1980-жылдын ноябрь айында Роба Насыровнанын партиялык ишке өткөндүгүнө байланыштуу шаардык советтин аткаруу комитетинин төрагасы болуп Паньков Александр Иванович шайланган.
1987-жылы А.И.Паньковдун башка жумушка которулгандыгына байланыштуу шаардык советтин аткаруу комитетинин төрагасы болуп Абдыкалыков Орозмат шайланып, 1990-жылдын июль айынан партиянын шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп башка кызматка которулган.
1990-жылдын июль айынан 1992-жылга чейин шаардык советтин аткаруу комитетинин төрагасы болуп Масиров Кошбай Масирович шайланган.
Советтер Союзунун таркашы менен, Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет катары мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүп, аткаруу комитетинин ордуна 1992-жылдан мамлекеттик администрация түзүлүп, Кара-Көл шаардык мамлекеттик администрация башчысы - биринчи акими болуп Масиров Кошбай Масирович дайындалган. Масиров Кошбай Масирович Кара-Көл шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон.
1996-жылдан 1999-жылга чейин шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими болуп Бекбоев Турдуназир Бекбоевич иштеген.
1999-жылдан 2001-жылдын июнь айына чейин Кутманова Зебикан Кутмановна шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими болуп иштеген. Зебикан Кутмановна иштеген учурда шаардын жолдору, тротуарлары ремонттон өткөрүлүп, шаардын көрктөндүрүү, жашылдандыруусуна өзгөчө көңүл бөлүп, чоң өзгөрүүлөрдү киргизген. Кыска мөөнөттүн ичинде Камчыбек Масиров атындагы көчөсүндө Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондорго эстелик орнотулуп, коомдук бак уюштурулган.
Кыргыз Республикасында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу институту түптөлгөнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы №151 Указына ылайык областтык баш ийүүдөгү шаарларда мамлекеттик администрациялар мэрияга өзгөртүлгөн. Жогоруда белгиленген Указга ылайык шаардын мэри шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шайланышы керектигинин негизинде 2001-жылы шаардык кеңештин кезексиз сессиясында Абытканова Рабшан Абыткановна шаардын мэри болуп шайланып, 2004-жылдын декабрь айына чейин үзүрлүү иштеген .
2004-жылдын декабрь айынан 2005 жылдын апрель айына чейин Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Бейшеев Турусбек Жумабаевич иштеген.
2005-жылдын апрель айында шаардык кеңештин кезексиз сессиясында шаардын мэри болуп Молдомуров Толкунбек Темиркулович шайланып, 2009-жылдын сентябрь айына чейин жигердүү иштеген.
2009-жылы шаардык кеңештин сессиясында шаардын мэри болуп Казакбаев Тагайбек Сапарбекович шайланып, 2010-жылдын апрель айына чейин үзүрлүү кызмат кылган. Тагайбек Сапарбекович кыска мөөнөттө шаардын проблемалуу маселелерин изилдеп, так билип, шаардык кеңешке чыгарып, шаардын стратегиялык өнүгүү программасына киргизген.
2010-жылдын апрель айынан 2011-жылдын август айына чейин шаардын мэринин милдетин аткаруучу болуп Еркеев Ильяз Марсович иштеп, депутаттар, шаардык кеңеш тарабынан көрсөтүлүп, 3 жолу мэр болуп шайланган. Еркеев Ильяз Марсович 2011-жылдан 2021-жылга чейин Кара-Көл шаарынын мэри болуп үзүрлүү эмгектенген.
2012-2016-жылдар аралыгында Койчиев Мамбет Дуйшалиевич Кара-Көл шаарынын мэри болуп эмгектенген.
2021-жыл июль айынан 2022-жыл июнь аралыгына Балташов Алмаз Шукуралиевич Кара-Көл шаарынын мэри болуп эмгектенген.
2022-жылдын июнь айынан баштап ушул күнгө чейин Кара-Көл шаарынын мэри болуп Конкобаев Талайбек Тажиматович үзүрлүү эмгектенип келет.