Көрүүсү начарлар үчүн версия

Кара-Көл шаары жөнүндө

Географиясы:

Кара-Көл шаары областтын борбору болгон Жалал-Абад шаарынан 175 километр түндүк-батышта,борборубуз Бишкек шаарынан 385 км түштүгүндө жайгашкан. Таш-Көмүр темир жол бекетинен  78 километр аралыкта. 

1962-жылы Токтогул ГЭСин куруучулардын шаарчасы катары негизделген. 1977-жылы 17-январда шаар статусун алган. Нарын дарыясынын сол жээгинде , Ош—Бишкек автожолунун оң жээгинде жайгашкан.

 Аймактын ландшафты жеринин бетинин түзүлүшүнүн татаалдыгына, климаттын өзгөчөлүктөрүнө жараша болот.  Түздүктүү талаа ландшафты Нарын капчыгайын бойлото  шаардын батыш тарабына мүнөздүү (деңиз деңгээлинен 800—1000м) Тектирлүү тегиз түздүктөрдүн аянттары анча  жазы эмес. Рельефи кыйла тик Нарын дарыясын көздөй тилмеленген. Аймактык Түндүк-Чыгыш тарабы тоо капталдуу ландшафтарга туура келет. Алар 1000 метрден 1800м. чейин бийиктикте созулуп, тоо-токой шалбаа ландшафтына кирип кетет.

Климаты:

Аймактын климаты орточоөконтиненталдуу, жайкысын ысык. Июль айынын орточо температурасы +270С, кышкысын -20С чейин жетет.Абанын жыл ортолук температурасы 120С түзөт.

Суулары:

Кара-Көл шаарын бийик тоолордун мөңгүлөрүнөн куралып түшкөн Кара-Суу, Кайыңды, Кара-Көл сыяктуу үч дарыя агып өтүп, шаардын батыш тарабынан Нарын дарыясына  кошулат. Булардын эң чоңу Кара-Суу дарыясы. Дарыянын узундугу 78 км. Ал Кара-Суу көлүнүн агымы болуп эсептелинет.  Көл деңиз деңгээлинен 2022м бийиктикте жайгашкан. Аянты 4,2 км2, эң терең жери 150м. Кара-Суу көлүнүн баш жагы, ондон 3,5км чамасында чыгыш тарабында жайгашкан Капка-Таш көлү түзөт. Анын бийиктиги 230 метр, аянты 0,96км2. Бул көлдөр техногендик жер силкинүүлөрдүн натыйжасында  тоолор урап Кара-Суунун нугун бөгөп калгандан кийин пайда болгон.

Калкы:

Кара-Көл шаарынын жалпы калкынын саны-27460

Анын ичинен:

Эркектер-13409

0-15 жашка чейин-5348

16-62 жашка чейин -7258

63 жаштан жогору-803

Аялдар-14051

0-15 жашка чейин-5208

16-57 жашка чейин -7128

57 жаштан жогору-1715

Социалдык жактан:

Жакырчылык боюнча жөлөк пул алгандар-125

Пенсионерлер-13

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер-498

Жумушсуздуктун деңгээли-3,1 %

Расмий түрдө катталган жумушсуздардын саны-132

Жумуштуулуктун деңгээли-26%

Жумуштуулуктун саны-4185