Көрүүсү начарлар үчүн версия

Кара-Көл шаарынын тарыхы

Азыркы шаар жайгашкан жер Жазы-Кечүү деп аталган. Малга жайлуу болгондуктан, жергиликтүү эл негизинен мал чарбачылык менен тиричилик кылган. Айрым жерлерге жүгөрү, таруу, шалы (күрүч) эгишкен. Кеңеш бийлиги орногондон кийин колхоздоштуруу башталып, эки колхоз түзүлгөн (Фрунзе жана Молотов атындагы). 

1950-жылдары эл чарбасын өнүктүрүү үчүн пахта өстүрүү колго алынып, Жазы-кечүү айылынын калкы Ноокен ооданынын аймагына көчүрүлгөн.

1960-жылдары Токтогул ГЭCинин курулушу башталган. 

1962-ж. куруучулар үчүн мурдагы айылдын ордуна турак жайлар курулуп, мектеп, үйлөрдү жылытуучу буу казаны, коомдук тамактануу, мед. тейлөө мекемеси, мончо, байланыш бөлүмү ишке кирген. Кийинки жылы 25 миң м2 болгон турак жайлар, турмуш-тиричилик жактан тейлөө комбинаты, бала бакча, бейтапкана ж.б. бүткөрүлгөн.