Көрүүсү начарлар үчүн версия

Кайтарым байланыш

Суроолоруңуз же сунуштарыңыз барбы?

1. Электрондук кайрылууну жѳнѳтүүнүн алдында форманы туура толтуруу зарыл.
2. Эгерде кайрылуучу жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты (акыркысы – бар болсо) жана электрондук почтанын дареги (e-mail) кѳрсѳтүлгѳн болсо, жооп авторго электрондук документ формасында жѳнѳтүлѳт.
3. Кайрылууну кароонун жүрүшү тууралуу билдирме автор тарабынан көрсөтүлгөн электрондук почтанын дарегине электрондук түрдө жөнөтүлөт.
4. Кайрылуу архивдештирилбестен бир файлга салынган электрондук документтерди жана материалдарды камтыйт. Тиркелген файлдын көлөмү 5 МБ ашпоого тийиш.
5. Кайрылуулар «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык тѳмѳнкү учурларда кароого кабыл алынбайт:
адепсиз жана кемсинтүүчү, мазактоочу сѳздѳр камтылса;
текст латиницаны колдонуу менен жазылса же бардык сѳздѳр баш тамга менен жазылса, сүйлѳмдѳргѳ ажыратылбаса;
почтасынын дареги толук жана так кѳрсѳтүлбөсѳ;
кайрылуу арыздануу, даттануу, сунуштоо иретинде жазылбаса;
андан тышкары, мамлекеттик бийликте тѳңкѳрүш жасоого, улуттар аралык жана конфессиялар аралык жаңжалга үгүттѳѳлѳрдү камтыса.
6. Электрондук түрдѳ жѳнѳтүлгѳн кайрылуулардын авторлорунун жекече маалыматтары жекече маалымат жѳнүндѳ мыйзамдын талаптарын сактоо менен сакталат жана иштетилет.