Вакансиялар
Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын улук, кенже административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт.
Жарыяланган датасы:
26.06.2025
Акыркы күн 10.07.2025
Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын улук, кенже административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт.
Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын административдик кызмат орундарынын топторуна квалификациялык талаптар
Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына талапкерлер үчүн негизги тесттин укуктук ченемдик актылары
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын “Эмгек Кодекси”;
КР “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
КР “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
КР “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”;
КР “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;
КР Мыйзамы “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”;
КР “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ №171 Жарлыгына ылайык “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика” кодекси;
Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына талапкерлер үчүн негизги тесттин укуктук ченемдик актылары
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
КР “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
КР “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ №171 Жарлыгына ылайык “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика” кодекси;
Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына талапкерлер үчүн негизги тесттин укуктук ченемдик актылары
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
КР “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ №171 Жарлыгына ылайык “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика” кодекси;
Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
Кесиптик билимдин денгээли:
- Тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция,финансылык, экономикалык, техникалык,курулуш,энергетика,социалдык,журналистика тармактарында)
Иш стажы жана тажрыйбасы:
-жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөндөгүлөрдү билүү:
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы, “КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамы, КРнын “Бюджеттик” кодекси, КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы, “Муниципалдык менчиктеги обьекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” Типтүү Жобону, КРнын Эмгек кодекси, КРнын Жер кодекси, КРнын Салык кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы, КР “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын”, КР “Энергетика жөнүндө” Мыйзамын, КР “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамын, КР “Коррупцияга каршы аракетенүү жөнүндө” Мыйзамын жана башка тейлөөсүнө жараша ченемдик-укуктук актыларды билүүсү зарыл.
Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
Кесиптик билимдин денгээли:
- Тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция,финансылык, экономикалык, техникалык,курулуш,энергетика,социалдык,журналистика тармактарында)
Иш стажы жана тажрыйбасы:
-жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөндөгүлөрдү билүү:
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы, “КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамы, КРнын “Бюджеттик” кодекси, КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы, “Муниципалдык менчиктеги обьекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” Типтүү Жобону, КРнын Эмгек кодекси, КРнын Жер кодекси, КРнын Салык кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы, КР “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын”, КР “Энергетика жөнүндө” Мыйзамын, КР “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамын, КР “Коррупцияга каршы аракетенүү жөнүндө” Мыйзамын жана башка тейлөөсүнө жараша ченемдик-укуктук актыларды билүүсу зарыл.
Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
Кесиптик билимдин денгээли:
-тийиштүү багыттагы жогорку билим же орто кесиптик билим
-финансылык, экономикалык багыттары боюнча, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, техникалык, курулуш тармактарында
Иш стажы жана тажрыйбасы:
Иш стажына талаптар коюлбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөндөгүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; Кыргыз Республикасынын Бюджет кодекси; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик статистика жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө мыйзамдары; Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” №120 токтому.
Административдик муниципалдык кызматтардын бардык топтору үчүн
- Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон денгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
- Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү;
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтер талап кылынат:
Документтерди делого тиркеп тапшыруу керек (делонун сыртына толук аты-жөнү, байланыш номерлери,электрондук почта дареги көрсөтүлсүн):
-Жеке арызы (кызмат ордун көрсөтүү менен);
-Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-Билими тууралуу документтердин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги персоналдар менен иш алып баруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
-Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги персоналдар менен иш алып баруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
-Паспортунун көчүрмөсү
Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат.
Дареги: Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы, Ленин 1 көчөсү.
Кошумча маалымат үчүн тел: (3746) 5-11-20; 0700 13 13 24
Конкурска катышуу үчүн документтерди муниципалдык менчик башкармалыгынын кадрлар жана иш кагаздарды жүргүзүү иштери боюнча адиси А.Т.Мамырбаевага тапшыруу керек. тел: (3746) 5-11-20; 0700 13 13 24.
Эскертүү: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.
Берилген талаптарга жооп берген жарандарга сынак өткөрүү убактысы менен орду жана башка маалыматтар кошумча берилет. Ошондой эле, кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын (http://mkk.gov.kg) сайтынан таанышууга болот.