Көрүүсү начарлар үчүн версия

Вакансиялар

Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Жарыяланган датасы:

05.03.2024

Акыркы күн  19.03.2024

Квалификациялык талаптар  

Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялоо үчүн

Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын административдик кызмат орундарынын топторуна квалификациялык талаптар:

Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына талапкерлер үчүн негизги тесттин укуктук ченемдик актылары

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Эмгек Кодекси”;
  • КР “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • КР “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
  • КР “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”;
  • КР “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”;
  • КР “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдары;
  • КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”;
  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат боюнча кенешинин 19-август 2016-жылдагы №43 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасы” жөнүндө кодекси.

 

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына талапкерлер үчүн негизги тесттин укуктук ченемдик актылары

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • КР “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
  • КР “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
  • КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат боюнча кенешинин 19-август 2016-жылдагы №43 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасы” жөнүндө кодекси.

 

Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына талапкерлер үчүн негизги тесттин укуктук ченемдик актылары

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • КР “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. 
  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат боюнча кенешинин 19-август 2016-жылдагы №43 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасы” жөнүндө кодекси.

 

Башкы топтогу админстративдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

Кесиптик билимдин денгээли:

-тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык, экономикалык, техникалык, курулуш, энергетика, социалдык, тармактарында)

Иш стажы жана тажрыйбасы:

-жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 (беш) жылдан кем эмес иш стажы;

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

КРнын Жер кодекси, КР Бюджет кодекси, КР Бузуулар жөнүндө кодекси, КРнын Салык кодекси, КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”,  КР “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, КР “Жарандык коргонуу жөнүндө”, КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”   Мыйзамдары, “Муниципалдык менчиктеги обьекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” Типтүү Жобо, “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар ревервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө” Жобо, “КР мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобо, “КР мамлекеттик органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобону жана башка тейлөөсүнө жараша ченемдик укуктук актыларды билүүсү зарыл.

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

Кесиптик билимдин денгээли:

  • Тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык, экономикалык,  экологиялык багыт боюнча, энергетика, техникалык, архитектура жана курулуш адистиктери боюнча, курулуш багыты боюнча)

Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөндөгүлөрдү билүү:

КР “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы, КРнын Эмгек кодекси, КРнын Жер кодекси, КРнын Салык кодекси, КРнын “Бюджеттик” кодекси, КР “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”,  КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, КР “Мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө” КР “Энергетика жөнүндө”, КР “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”,  КР “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, КР “Жарандык коргонуу жөнүндө”, КР “Коррупцияга каршы аракетенүү жөнүндө” Мыйзамдарын,  “Муниципалдык менчиктеги обьекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” Типтүү Жобону,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын” жана башка тейлөөсүнө жараша ченемдик-укуктук актыларды билүүсү зарыл.

Кенже топтогу  административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

Кесиптик билимдин денгээли:

  • тийиштүү багыттагы жогорку билим же орто кесиптик билим, финансылык, экономикалык багыттары боюнча, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, техникалык, курулуш тармактарында

Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • иш стажына талаптар коюлбайт.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөндөгүлөрдү билүү:

КР Салык кодекси; КР Бюджет кодекси; КР  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, КР “Мамлекеттик статистика жөнүндө”, КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, КР “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”

Административдик муниципалдык кызматтардын бардык топтору үчүн

  1. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон денгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  2. Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү;

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтер талап кылынат:

Документтерди делого тиркеп тапшыруу керек (делонун сыртына толук аты-жөнү, байланыш номерлери,электрондук почта дареги көрсөтүлсүн):

- өзүнүн арызы;

- резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.

Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат.

Дареги: Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы, Ленин көчөсү 1.

Кошумча маалымат үчүн тел: (3746) 5-11-20; 0700 13 13 24

Конкурска катышуу үчүн документтерди муниципалдык менчик башкармалыгынын кадрлар жана иш кагаздарды жүргүзүү иштери боюнча  адиси А.Т.Мамырбаевага тапшыруу керек. тел: (3746) 5-11-20; 0700 13 13 24.

Эскертүү: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.

Берилген талаптарга жооп берген жарандарга сынак өткөрүү убактысы менен орду жана башка маалыматтар кошумча берилет. 

  Кароолор (35)