Вакансиялар
Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы улук жана башкы административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин толуктоо үчүн ачык сынак жарыялайт
Жарыяланган датасы:
18.05.2026
Акыркы күн 27.05.2026
Квалификациялык талаптар
Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
Кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык, экономикалык, техникалык, курулуш, энергетика, социалдык тармактарында)
Иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;
Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим денгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, гуманитардык, экологиялык багыт боюнча, энергетика, техникалык, архитектура жана курулуш адистиктери боюнча, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология адистиктери боюнча, социалдык, курулуш багыты боюнча, табигый илимдер)
Иш тажрыйбасы жана стажы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтер талап кылынат:
Документтерди делого тиркеп тапшыруу керек (делонун сыртына толук аты-жөнү, байланыш номерлери, электрондук почта дареги көрсөтүлсүн):
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
- өзүнүн арызы;
- резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
- акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (же түп нускасын көрсөтүү менен);
- акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо) (же түп нускасын көрсөтүү менен) ;
- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
- Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.
Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде кабыл алынат.
Дареги: Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы, Ленин көчөсү 1.
Кошумча маалымат үчүн тел: 0 (3746) 5 11 20; 0503858287
Конкурска катышуу үчүн документтерди мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын кадрлар боюнча жетектөөчү адисинин у.м.а. А.И.Иманбековага тапшыруу керек. тел: 0 (3746) 5 11 20; 0503858287
Эскертүү: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.