Көрүүсү начарлар үчүн версия

Вакансиялар

Кара-Көл шаарынын мэриясы башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин толуктоо үчүн ачык сынак жарыялайт.

Жарыяланган датасы:

23.01.2024

Акыркы күн  05.02.2024

Квалификациялык талаптар  

Квалификациялык талаптар  

        Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

Кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык, экономикалык, техникалык, курулуш, энергетика, социалдык, тармактарында)

 Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

 

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

Кесиптик билим денгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, гуманитардык, экологиялык багыт боюнча, энергетика, техникалык, архитектура жана курулуш адистиктери боюнча, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология адистиктери боюнча, социалдык, курулуш багыты боюнча, табигый илимдер) 

Иш тажрыйбасы жана стажы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

Кесиптик билим денгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим же орто кесиптик билим,  (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, гуманитардык, экологиялык багыт боюнча, энергетика, техникалык, архитектура жана курулуш адистиктери боюнча, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология адистиктери боюнча, социалдык, курулуш багыты боюнча, табигый илимдер) 

Иш тажрыйбасы жана стажы:

- иш стажына талап коюлбайт;

Административдик муниципалдык кызматтардын бардык топтору үчүн
1) Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
2) Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продукттарды колдоно билүү 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтер талап кылынат:

Документтерди делого тиркеп тапшыруу керек (делонун сыртына толук аты-жөнү, байланыш номерлери, электрондук почта дареги көрсөтүлсүн):

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

- өзүнүн арызы;

- резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.

    Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. 

Дареги: Кара-Көл шаардык мэрия, Ленин көчөсү 1. 

Кошумча маалымат үчүн тел: 0 (3746) 5 11 73; 0771360037

Конкурска катышуу үчүн документтерди мэриянын кадрлар жана уюштуруу иштери боюнча башкы адиси А.Ш.Ажибаевага тапшыруу керек. тел: 0 (3746) 5 11 73; 0771360037

Эскертүү: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.

  Кароолор (42)