Көрүүсү начарлар үчүн версия

21.08.2025

Кароолор: (12)

ЖЕТИНЧИ АЯНТЧАДАГЫ АЛЛЕЯ УЗАРТЫЛАТ

Шаардын Жетинчи аянтчасындагы аллея Токтогул көчөсүнө чейин узартылат. Ал үчүн оорукананын айланасындагы төрт жеке менчикке өтүп кеткен жерлер бар. Ал жерлерди кайра кайрып алууда документтери каралып, мыйзамдуу болсо, ээлерине башка жерден жер сунушталат же болбосо мамлекет тарабынан компенсация төлөнүп, муниципалдык менчикке кайтарылат.

Оорукананын айланасындагы шаардын көркүн бузган дүкөндөр алынып, аялдамалар жаңыланып, заманбап стилде оңдолот.