Көрүүсү начарлар үчүн версия

18.08.2025

Кароолор: (10)

ЖЕКЕ МЕНЧИККЕ ӨТҮП КЕТКЕН БАЗАР КАЙТАРЫЛДЫ

Кара-Көл шаарында жакынкы күндөрдө күн сайын иштөөчү муниципалдык жаңы базар ачылганы турат. Бул маселе тууралуу шаардын мэри Нуртилек Орозбаев бүгүн, 18- августта аталган базарда тиешелүү жетекчилер менен чогуу иш алып барды.

Бул базар совет доорунда колхоз базары болуп күнүгө иштеп турган. Ал эми эгемендик жылдарында жеке менчикке өтүп, акыркы 10 жылда ушул жерде ар жуманын бешинчи күнү түштөн кийин, ишемби күнү түшкө дейре чоң базар уюшулуп келген. Ага облустун ар кайсы район-шаарларынан дыйкандар, соодагерлер келип соода кылышчу.

Аталган базар учурда шаардын карамагына өткөрүлдү. Мындан ары шаар ичин иретке келтирүү максатында ар жерде чачкын соода кылгандар жогоруда аталган колхоз базарына жайгаштырылат.

Базардын айланасында жеке менчикке берилип кеткен жерлерди да мыйзам чегинде кайра кайтаруу ишке ашырылат.