27.11.2024
Кароолор: (31)
ЖАШТАРДЫН ТАЛАНТЫН СЫНАГАН КОНКУРС

Кара-Көл шаарында "Шаарды сүрөттөгөн жаштар” аттуу тасма конкурсу жана «Күз керемети» аталышында сынак болду. Иш-чарада жаштар жана студенттер күнүнө карата жарыяланган конкурс бир ай аралыгында өткөрүлдү. "Энергетик" маданият үйүндө уюштурулган иш-чарага
Кара-Көл шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Айша Анарбаева катышты. Колледж менен мектеп окуучулары күз кереметин көрсөтүп, ыр бий аткарып, өз өнөрлөрүн тартуулашып, кыялындагы шаарды фото видео-ролик аркылуу сүрөттөп беришти.
Калыстар тобу көз салып, жыйынтыгында мыкты деп аталгандарга Кара-Көл шаардык мэриясы тарабынан грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.