23.12.2024
Кароолор: (32)
ЖАРАНДАРГА ЖАРЫК ЖАШОО ТАРТУУЛАГАНДАР!

ЖАРАНДАРГА ЖАРЫК ЖАШОО ТАРТУУЛАГАНДАР!
Урматтуу Кыргыз Республикасынын күжүрмөн энергетиктери!
Кара-Көл шаарынын энергетика майданындагы
тыным албай иштеп жаткан мээнеткечтер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар болгон
Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү менен куттуктайм!
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүн электр кубатысыз элестетүү мүмкүн эмес. Жашоо-турмушубуздун
кайсы гана жагын алба, бүт баары ага түздөн-түз байланышкан. Кайсы гана өлкөнү албайлы,
энергетика тармагы экономиканы кетирүүнүн,
аны туруктуу өнүктүрүүнүн өзөгүнө айланган
убак.
Ал эми күн сайын муктаждыгы артып бараткан
санариптешүү мезгилинде -
электромобилдерден, жеке үйлөрдөн тартып,
бүтүндөй шаарларга чейин акылдуу
технологиялардын арымы күчөп, жаткан маалда
электр кубатынын зарылчылыгы ого бетер
алдынкы сапка чыкты.
Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!
Жалпы энергетиктерге жана тармактын
ардагерлерине чын ден соолук, бакубат жашоо
тилейм. Жалпы эл карап турган жоопкерчиликтүү ишиңиздерди жаңы
жетишкендиктер, албан-албан ийгиликтер
коштосун!
Нуртилек Орозбаев
Кара-Көл шаарынын мэри