22.06.2026
Кароолор: (5)
ЖАҢЫ ШААР БАШЧЫ ТААНЫШТЫРЫЛДЫ
Бүгүн, 22-июнь күнү Кара-Көл шаарынын тургундарына жана шаардын активине жаңы дайындалган мэр Турдубеков Азамат Турдубекович тааныштырылды.
Аны Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уларбек Исмаилов тааныштырып, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.
«Элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган, калктын ишенимин актаган мыкты жетекчи болушуңузду каалайм», — деди ал.
Азамат Турдубеков 1984-жылы Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда көп жылдык тажрыйба топтогон жетекчилердин бири катары ал эмгек жолун 2007-жылы Дос-Кредобанк ААКнын Чолпон-Ата шаарындагы филиалында насыя бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп баштаган.
2010–2013-жылдары Кыргызстан профсоюздар федерациясынын «Ала-Тоо» дем алуу үйүндө маркетинг жана жалпы иштер боюнча директордун орун басары кызматын аркалаган. Андан соң «Кейсар» эс алуу жайында офисти башкаруу боюнча директордун орун басары болуп эмгектенген.
2014-жылдан тарта Чолпон-Ата шаарынын мэриясында иштеп, турак-жай, коммуналдык чарба, курулуш жана транспорт тармагы боюнча башкы адис кызматын аркалаган. Өзүнүн иш тажрыйбасы жана уюштуруучулук жөндөмү менен 2021-жылы мэрдин орун басары болуп дайындалган.
2023-жылы Чолпон-Ата шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп иштеп, ошол эле жылы шаар мэри кызматына бекитилген.
Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалганга чейин Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясында аппарат жетекчиси кызматын аркалаган.
Ал эми шаардын мурунку мэри Эдилбек Тажимырзаев 19-июнда өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган.








