Көрүүсү начарлар үчүн версия

01.04.2026

Кароолор: (5)

ЖАҢЫ ШААР БАШЧЫ АКТИВГЕ РАСМИЙ ТААНЫШТЫРЫЛДЫ

Бүгүн, 1-апрель күнү Кара-Көл шаарынын тургундарына жана шаардын активине жаңы дайындалган мэр Тажимырзаев Эдилбек Садырбекович тааныштырылды.

Аны Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Исмаилов Уларбек тааныштырды.

2011-жылдын 1-апрелинен 2013-жылдын 15-июлуна чейин экономика боюнча жетектөөчү адис, ал эми 2013-жылдын 15-июлунан 2014-жылдын 3-октябрына чейин Таш-Көмүр шаарынын мэриясында инвестиция тартуу боюнча сектор башчысы болуп иштеген.

2015-жылдын 24-февралынан 2022-жылдын 4-июлуна чейин Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинде жооптуу катчы, аппарат жетекчиси кызматын аркалаган.

Тажимырзаев Эдилбек Садырбекович 2022-жылдын 4-июлунан 2025-жылдын 16-июлуна чейин Кара-Көл шаарынын мэриясында мэрдин биринчи орун басары болуп эмгектенген.