Көрүүсү начарлар үчүн версия

29.12.2025

Кароолор: (4)

ЖАҢЫ БОРБОР AЧЫЛДЫ

Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоону жакшыртуу максатында Кара-Көл ШИИБге заманбап жабдылган кырдаалдык борбор орнотулду.

Кырдаалдык борбордун негизги багыттары

ыкчам маалыматтарды топтоо жана талдоо;

күч түзүмдөрүнүн аракеттерин координациялоо;

коомдук тартипти сактоону көзөмөлдөө;

жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу;

өзгөчө кырдаалдар учурунда ыкчам чара көрүү.

Аталган демилге Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаевичтин колдоосу менен ишке ашырылып, жергиликтүү бийлик менен ички иштер органдарынын өз ара тыгыз кызматташуусунун жыйынтыгы болуп саналат.

Долбоордун жалпы наркы 3 500 000 сом, анын ичинен 800 000 сом жергиликтуу бюджеттен болунуп, 2 700 000 сом акча каражаттары жалал-абад облустук өнүктүрүү фондунан каржыланды .

Кара-Көл ШИИБдин жетекчилиги жана өздүк курамы көрсөтүлгөн колдоо үчүн шаар жетекчилигине ыраазычылык билдирип, кырдаалдык борборду жарандардын коопсуздугун камсыздоодо натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууга даяр экендигин билдирет.