06.02.2024
Кароолор: (58)
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун, Кара-Көл шаарынын жана Кара-Көл шаар аймагындагы Жазы –Кечүү айылынын электр энергиясын керектөөчүлөрүнө жана “Насостук станцияларга” (салыктарды эсепке албаганда) электр энергиясын керектөө боюнча жаңы тарифи
Кара-Көл шаарынын мэриясынын “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнун башкы директору А.Д.Рысбековго, Кыргыз Республикасынын Энергетика Министрлигине караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин директору Т.Э.Орозалиевге жолдонгон 2023-жылдын 4-майындагы №01-20/1937 жана №01-20/1938 сандуу каттары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” №377 токтомуна ылайык Кара-Көл шаар аймагы Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарынын тизмесине кирерин, ошондой эле ушул күнгө чейин шаар аймагында жашаган керектөөчүлөрүнө пайдаланылган электр энергиясы үчүн төлөмдөр жогорудагы Токтом эске алынбастан туруп жүргүзүлүп келгендиги белгиленген.
Ушул иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине шаардык финансы башкармалыгынан 2023-жылдын 2-ноябрындагы №43-4/И-3329 сандуу кат жолдонгон, ал катка Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 28-ноябрындагы №08-1/14894 катында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 Токтомунун негизинде Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын калкына электр энергиясын колдонгондугу үчүн 2024-жылдын 1-январынан тартып компенсация төлөп берүү мүмкүнчүлүгү карала тургандыгы билдирилген.
Кыргыз Республикасынын Энеhгетика министрлигине караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин директору Т.Э.Орозалиевдин 2023-жылдын 29-декабрындагы №237 сандуу буйругуна ылайык Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун, Кара-Көл шаарынын жана Кара-Көл шаар аймагындагы Жазы-Кечүү айлынын электр энергиясын керектөөчүлөрүнө жана “Насостук станцияларга” (салыктарды эсепке албаганда) электр энергиясын керектөө боюнча төмөндөгүдөй тарифи бекитилген:
1.1. Айына 150 кВт/саат электр энергиясын пайдаланууда - 19,2 тыйын;
1.2. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарында жашаган калкы үчүн - 1,00 сом.
Эскертме:
“Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айыл аймагына Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын куруудан келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, калк, насостук станциялар керектеген электр энергиясы үчүн төлөм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген керектөө ченемдерин эске алуу менен Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун, Кара-Көл шаарынын жана Кара-Көл шаар аймагынын Жазы-Кечүү айылынын электр энергиясын керектөөчүлөрүнө жана насостук станцияларына Токтогул ГЭСинде өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы боюнча жүргүзүлөт.
Женилдиктердин кайталанышын болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги “Татаал, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө” №206 токтому менен бекитилген электр энергиясына төлөмдөрдү жүргүзүүдөгү 50% өлчөмүндөгү компенсациясы Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарында жашаган калкы үчүн 1,00 сом төлөнөт.