Көрүүсү начарлар үчүн версия

31.12.2025

Кароолор: (2)

ЗАМАНБАП БАЛДАР ОЙНООЧУ АЯНТЧАЛАР

Бүгүн, 31-декабрь күнү Кара-Көл шаарында заманбап 5 балдар ойноочу аянтча колдонууга берилди.

Бул аянтчалардын ачылышына шаар мэринин орун басары Манас Абдыкалыков жана шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов катышып, пайдаланууга беришти.

Жаңы курулган балдар ойноочу аянтчалар шаарга караштуу Кетмен-Төбө,Жаз-кечүү айылдарында жана шаардын Ак-Таш,

Сабиров,Бекташ көчөлөрүндө курулган.

Аталган аянтчалар балдардын коопсуз эс алуусуна жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу максатында жашоочулардын суроо-талабына ылайык, жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулду.