05.03.2026
Кароолор: (1)
ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК МЕЛДЕШ
Бүгүн, 5-мартта Кара-Көл шаарындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин «Энергетик» спорт залында 18 жашка чейинки жаш өспүрүмдөр арасында волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын I туру өтүп жатат.
Аталган мелдешке Бишкек жана Ош шаарларынан жана өлкөбүздүн жети облусунан келген кыздар жана балдар командалары катышып, өз ара күч сынашууда.
Мелдештин максаты — жаш өспүрүмдөр арасында волейбол спортун өнүктүрүү, таланттуу спортчуларды аныктоо жана республикалык деңгээлдеги командалардын тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү болуп саналат.
Учурда мелдештин алгачкы турунун алкагында 9 кыздар, 9 балдар командалары ортосунда кызыктуу жана атаандаштыкка бай оюндар өтүүдө.









