Көрүүсү начарлар үчүн версия

19.10.2023

Кароолор: (384)

Урматтуу социалдык чөйрөнүн кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Сиздер өз эмгегиңиздерди эң баалуу ишке – мамлекеттин жардамына жана камкордугуна муктаж жарандарды колдоого арнап келесиздер. Биринчи кезекте алар: улгайган адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, турмуштук кыйын кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөр, ошондой эле,  балдар – биздин келечектеги муундарыбыз турат. 

Социалдык кызматкерлердин эң башкы сапаттары: боорукерлик, сабырдуулук, жардамын  аябагандык болуп эсептелинет, социалдык кызматкерлер алсыз жана коргоого муктаж адамдардын эң акыркы үмүтү болуу менен адамкерчиликке жана адилеттүүлүккө болгон ишенимин жогорулатат, алардын жан дүйнөсүнө жакшылык тартуулайт. 

Мындан сырткары, кызматкерлердин социалдык-эмгектик укуктарын коргоонун бийик салттарын уланткандыгы үчүн бардык профсоюздук кызматкерлерге жана активисттерге терең ыраазычылыгымды билдирем. Жумушчулардын мыйзамдуу укуктарын жана турмуштук кызыкчылыктарын коргоону татыктуу ишке ашыруу менен социалдык-эмгек мамилелеринин чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө, эмгек адамдарынын жашоо-тиричилигинин деңгээлин жакшыртууга, жумуш орундарын сактоо маселелерин чечүүгө салым кошуп жүрө беришиңиздерге тилектешмин.    

Урматтуу социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлери! Сиздерге ийгиликтерди, биздин шаарыбыздын гүлдөп-өсүшү үчүн жемиштүү иштерди, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана бекем ден соолук каалайм!