Көрүүсү начарлар үчүн версия

15.07.2026

Кароолор: (65)

УРМАТТУУ КАРА-КӨЛДҮН ТУРГУНДАРЫ!

Шаарыбыздын келечеги сиздин пикириңизден башталат!

Кара-Көл шаарынын мэри Азамат Турдубеков шаар тургундары менен кезектеги көчмө жолугушууларды өткөрүүнү улантып жатат.

Эгер сизди көчөлөрдүн абалы, жарыктандыруу, таза суу, балдар аянтчалары, көрктөндүрүү же башка көйгөйлөр түйшөлтүп жүрсө — бул жолугушуулар сиз үчүн.

📅 15-июль

🕕 18:00 — Нуржанова жана Сабиров (16-квартал) көчөлөрүнүн тургундары менен.

📍 Өтүүчү жери: балдар аянтчасы.

🕖 19:00 — Ленин көчөсүндөгү №6 үйдүн, Ленин көчөсү №2 жана №5 үйлөрүнүн, ошондой эле Турусбеков жана Исанов көчөлөрүнүн тургундары менен.

📍 Өтүүчү жери: балдар аянтчасы (арка тарабы).

Жолугушууларда тургундардын көйгөйлөрү жана сунуш-пикирлери угулуп, көтөрүлгөн маселелер талкууланып, жарандардын суроолоруна жооп берилет.

🤝 Келиңиз, шаарыбыздын өнүгүшүнө өз салымыңызды кошуңуз! Сиздин үнүңүз жана сунушуңуз маанилүү.