Көрүүсү начарлар үчүн версия

05.03.2026

Кароолор: (1)

УРМАТТУУ КАРА-КӨЛ ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫ!

Сиздерди 5-март — Ак калпак күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Ак калпак — кыргыз элинин байыртан келе жаткан ыйык мурасы, улуттун сыймыгы жана ата-бабаларыбыздан калган аздектеп, кийип жүрчү баш кийим. Ал элибиздин каада-салтын, нарк-насилин, эрдигин жана тазалыгын чагылдырат.

Бул күнү ар бирибиз улуттук баалуулуктарыбызды урматтап, салт-санаабызды сактап, келечек муундарга татыктуу мурас катары жеткирүүгө умтулалы.

Баарыңыздарга чың ден соолук, ынтымак, бакыт-таалай жана шаарыбыздын өнүгүшүнө кошкон салымыңыздарга ийгиликтерди каалайм!

Ак калпагыбыз бийик, элибиздин аброю ар дайым жогору болсун!

Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев