Көрүүсү начарлар үчүн версия

09.05.2024

Кароолор: (38)

Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган митинг -реквием "Жеңиш" аллеясында мэр Т.Т.Конкобаевдин, төрага Ч.А.Кимсановдун, жетекчилердин жана шаар тургундарынын катышуусунда өткөрүлдү. Кандуу согушта курман болгон ата-бабаларыбызга куран окулуп, эстеликке гүлчамбарлар коюлду. Улуу Жеңиш майрамы менен мэр Т.Т.Конкобаев жана шаардык кеңештин төрагасы Ч.А.Кимсанов шаарыбыздын тургундарын куттуктап, Республикалык спартакиададан, Республикалык турнирден жана эл аралык турнирден жеңишти багындырып келген окуучулар мэриянын ардак грамотасы менен сыйланышты. 
Мындан сырткары, мэр Т.Т.Конкобаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эки жесирине мэриянын резервдик фондунан акчалай жардам көрсөтүлгөндүгүн билдирди.
9-май Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына арналган иш-чаранын маданий бөлүгү "Энергетик" эс алуу паркында улантылып, маданият бөлүмүнүн таланттуу ырчылары майрамга келген калың элге өз өнөрлөрүн тартуулашты. Шаар тургундарына соода-сатык жарманкеси,  балдар ойноочу батут, карусель жана башка кызыктуу оюн зооктор уюштурулду.