Көрүүсү начарлар үчүн версия

23.12.2024

Кароолор: (26)

УЛУТТУК КООПСУЗДУК – УЛУТТУН КЕЛЕЧЕГИНИН ПАЙДУБАЛЫ

УЛУТТУК КООПСУЗДУК – УЛУТТУН КЕЛЕЧЕГИНИН ПАЙДУБАЛЫ

Урматтуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери!

Улуттук коопсуздуктун сакчылыгында турган замандаштар!

Сидердин жапыңыздарды бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын ыкласымдан куттуктаймын! Сиздерге узун өмүр, чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм!

Ким эмне дебесин, мамлекеттин, коомдун ар бир букарасынын коопсуздугу, анын бейпил жашоо-турмушу атам замандардан бери эле коомдук турмуштун башкы маселеси болуп келген. Бекем жана ишенимдүү коопсуздукка негизделген коом же мамлекет гана келечекке ишенимдүү карай алган. Ошондо гана коомдун ар бир мүчөсүнүн жалпы мүдөөлөрү ишенимдүү ишке ашкан.

Урматтуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери! Ушул зор жеңиште ар бириңиздердин кошкон салымыңыздар, жасаган эмгегиңиздер арбын. Мындай жигердүү эмгекти сиздер Мекенибиз үчүн дагы да жасай беришиңиздерге эч кандай күмөн жок.

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, сиздердин жашооңуздарда дайыма жакшылыктар болушун, иштериңиздерди ийгилдиктер коштоп жүрүшүн каалап кетемин. Сиздердин бардык жакшы каалоо-тилектериңиздер кабыл болсун!

Нуртилек ОРОЗБАЕВ,

Кара-Көл шаарынын мэри.