Көрүүсү начарлар үчүн версия

04.12.2025

Кароолор: (10)

«УЛУТТУК ДЕМ – ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК» УҢГУЖОЛУ

Кара-Көл шаарынын мэриясы жана Аялдар кеңеши биргеликте маданий иш-чара өткөрдү. Аталган иш-чарага шаар мэринин орун басары Манас Абдыкалыков , Шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов, шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Рабшан Абытканова мекеме-ишканалардын жетекчилери, И. Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көлдөгү филиалынын, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Кара-Көл колледжинин, №89 кесиптик лицейдин студенттери, шаар аймагындагы мектептердин окуучулары, шаардык балдар искусство мектебинин жана Ч.Айтматов атындагы балдар чыгармачылык үйүнүн тарбиялануучулары активдүү катышты.

Бул күн улуттук баалуулуктарды даңазалаган, кыргыз элинин уңгусу менен нарк-насилин даңктап, жаштарга өрнөк болгон өзгөчө таасирдүү иш-чара катары белгиленип, «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» аттуу сынагы менен көркүнө чыкты.

Ар бир команда сахналык көрсөтүүлөрү аркылуу кыргыз элинин тарыхын, уңгусун, маданий мурасын, ошондой эле бүгүнкү күндө өркүндөп, дүйнөгө карай жол алган багытын таасирдүү чагылдырды. Сынакта улут уюткусу жана улуттун уңгусу кеңири ачылып, «Тил — улуттун өзөгү», жети атаны билүү жана урпакка ат коюу салттары, кыргыз маданияты менен көркөм өнөрүнүн өзгөчөлүктөрү өзүнчө бөлүм катары камтылды.

Иш-чаранын сахналык бөлүктөрүндө улут жүзүн даңазалаган кыргыз күүлөрү жаңырып, театралдаштырылган «Кыргыз көчү» аталышындагы көркөм композиция тартууланды. Ошондой эле улуу муундан «уңгу сөз» айтуунун маданияты көрсөтүлүп, «Тил — улуттун дөөлөтү» темасынын айланасында улуттук көрөңгөөлөр терең ачылды.

Өзгөчө баалуу жагы — иш-чарага улуу муундун өкүлдөрү жаштарга өрнөктүү ой-туюмдарын, накыл кептерин жана турмуштук тажрыйбасын бөлүштү. Бул муундар байланышынын бекем экенин жана кыргыз наркынын үзүлбөй келе жаткан уңгусун дагы бир жолу айгинеледи.

Жаштардын шыгы менен улуулардын ак батасы айкалышкан жерде улуттук дем жанып, дүйнөлүк бийиктикке жол ачылары шексиз.

Бүгүн — оозубуз гана эмес, көзүбүз көрүп, жүрөгүбүз сезген чын маанидеги улуттук рухтун күнү болду.

Улуттук дем — биздин күч.

Уңгужолу — биздин тамыр.

Дүйнөлүк бийиктик — биздин багыт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча Жарлыгынын алкагында Кара-Көл шаарында өткөн «Улут уюткусу» аттуу сынакта төмөнкү номинациялар боюнча сыйлыктар ыйгарылды:

«Үлгүлүү аксакал»,

«Үлгүлүү байбиче»,

«Нарктуу келин».

Иш-чаранын максаты — улуттун уңгусун, тилин, маданиятын, нарк-насилин жаш муунга жеткирүү жана дүйнөлүк атаандаштыкта өз ордун таба алган терең иденттүүлүктү бекемдөө болду.