Көрүүсү начарлар үчүн версия

25.11.2025

Кароолор: (16)

“УЛУТТУК ДЕМ — ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК”

Кара-Көл шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы – “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тууралуу маалыматты жергиликтүү тургундарга таанытуу боюнча иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш чарага шаар мэри Нуртилек Орозбаев , Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Матубраимов Алманбет, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору Калчакеев Кубанычбек, К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин профессору Дүйшеев Жеңишбек катышты.

Иш-чаранын негизги максаты – Жарлыктын мазмунун элге түшүндүрүү, анда белгиленген милдеттердин маанисин жеткирүү жана коомчулуктун улуттук биримдикти чыңдоого кошкон салымын күчөтүү болду.

Жергиликтүү тургундарга уңгужолунун мааниси, анын тарбиялык, маданий жана патриоттук багыттары боюнча кеңири маалыматтар берилип, пикир алмашуу жүрдү.