Көрүүсү начарлар үчүн версия

11.02.2026

Кароолор: (5)

УКУК БУЗУУЛАРДЫ АЛДЫН АЛУУ

Бүгүн, 11-февралда Кара-Көл шаарында өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү жыйыны өткөрүлдү. Аталган жыйынга шаар мэри Нуртилек Орозбаев , шаардын прокурору Ильичбек Исамамбетов , шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурбек Төлөнов, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Тахмина Сабырбекова, шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Рабшан Абытканова жана шаардагы мектептердин 8–11-класстарынын окуучулары катышты.

Жыйын өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, зомбулуктун, рэкетчиликтин жана эрте никеге туруунун алдын алуу, ошондой эле балдардын укуктары боюнча укуктук жана адеп-ахлактык түшүндүрүү иштерин күчөтүү максатында уюштурулду.

Жыйындын жүрүшүндө укуктук багыттагы кеңири маалыматтар берилди. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин талаптары, өспүрүмдөрдүн жоопкерчилиги жана көп кездешкен укук бузуулар — уурдоо, мушташ, рэкетчилик сыяктуу аракеттердин кесепеттери түшүндүрүлдү.

Ошондой эле укук бузуулардын алдын алуу механизмдери жана мыйзам алдындагы жоопкерчилик тууралуу маалымат берилди.

Балдардын укуктарын коргоо маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, баланын укуктары жөнүндө мыйзамдардын негизги жоболору, зордук-зомбулукка, эксплуатацияга жана басмырлоого каршы коргоо чаралары түшүндүрүлдү. Укук бузулган учурда кайда жана кантип кайрылуу керектиги, өспүрүмдөрдүн жана ата-энелердин милдеттери да белгиленди.

Мындан тышкары, жаштарды социалдык жана экономикалык жактан колдоо, алардын укуктары менен милдеттерин түшүндүрүү, чыр-чатактардан жана мыйзам бузуулардан алыс болуу жолдору тууралуу маалымат берилди. Өспүрүмдөрдүн бош убактысын туура уюштуруунун мааниси да айтылды.

Жыйында эрте никеге туруунун кесепеттери, өспүрүм кыздардын укуктары жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелери өзүнчө каралды. Ошондой эле адеп-ахлак, жоопкерчилик, ата-энени, мугалимди жана мыйзамды урматтоо, коомдогу жакшы жүрүм-турумдун орду тууралуу диний жана тарбиялык багыттагы түшүндүрмөлөр берилди.

Жыйындын жыйынтыгында өспүрүмдөрдү мыйзамды сыйлоого, жоопкерчиликтүү жүрүм-турумга жана өз укуктарын билүүгө чакырык айтылды.