Көрүүсү начарлар үчүн версия

06.06.2026

Кароолор: (8)

ТУРГУНДАР КӨЙГӨЙЛӨРҮН ӨКҮЛГӨ ТҮЗ ЖЕТКИРИШТИ

Бүгүн, 5- июнь Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Кара-Көл шаарынын тургундары менен жолугушуп, алардын кайрылууларын жана сунуштарын укту.

Жолугушууга облустук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө жарандар жер жана турак жай маселелери, билим берүү тармагындагы көйгөйлөр, социалдык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо, бала бакча куруу, коммуналдык кызматтардын сапатын жакшыртуу, муниципалдык жерлерди пайдалануу жана башка бир катар маселелер боюнча суроолорун жана сунуштарын билдиришти.

Ыйгарым укуктуу өкүл көтөрүлгөн маселелер боюнча жарандарга тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берип, алардын ар бирин мыйзамдын негизинде кароо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жарандардын кайрылууларын өз убагында карап чыгып, мыйзам чегинде чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Жолугушууда шаар мэри Эдилбек Тажимырзаев элдин көйгөй, сунуштарын угуп, аларды чечүүнү колго аларын айтты.

Жолугушуу ачык суроо-жооп форматында өтүп, тургундар өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча жоопторду алышты.