Көрүүсү начарлар үчүн версия

19.09.2023

Кароолор: (116)

Т.Сатылганов атындагы филармониянын ырчылары концерт коюшту

Кара-Көл шаарынын “Энергетик”маданият үйүндө 16-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артисттери элге концерт тартуулашты.Концертке төкмө акын Амантай Кутманалиев, эл артисттери Майрам Дуйшекеева, Тамара Исабекова, эмгек сиңирген артисттер Чырмаш Төрөбеков, Салима Балтаева, Токтобек Асаналиев, Кутман Жолдошов, Гүлмира Жолдошова, аккордеончулар Азамат Жоробаев ж.б катышты. Кара-Көл шаарынын көрөрмандары кол чаап колдоп олтурушту. Филармониянын жетекчилиги маданиятты колдогон Кара-Көлдүктөргө ыраазычылыгын билдиришти.