23.12.2024
Кароолор: (14)
ТРОТУАРГА МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШ КУРГАНДАРГА ЭСКЕРТҮҮ!

ТРОТУАРГА МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШ КУРГАНДАРГА ЭСКЕРТҮҮ!
Кара-Көл шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы
Масиров, Каипов, Серый, Исанов көчөсүндөгү тротуарга чыгып кеткен дүкөн, павильон, гараж, навес жана башка ар кандай тосмо менен тургузуп алган объект ээлерине эскертет!
Бузуу же жылдыруу ыкмасы менен жер тилкени бошотуп, өз калыбына келтирип коюууга чакырабыз! Аталган көчөлөр кеңейтилет. Жол салуу иштерине тоскоолдук жаралбаш керек.
Шаар мэри Нуртилек Орозбаевдин тапшырмасы менен мыйзамсыз курулуштарды бузуу, муниципалдык жерлерди инвентаризациялоо иштери улантылат.