13.08.2024
Кароолор: (248)
Төрөбаев Бакыт Эргешевичтин Кара-Көл шаарынын эли менен жолугушуусу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри- Төрөбаев Бакыт Эргешевичтин Кара-Көл шаарынын эли менен жолугушуусу болуп өттү.
2024-жылдын 12-август күнү “Энергетик” маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри- Төрөбаев Бакыт Эргешевич, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары- Каимов Нурбек Узгенович, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү- Текебаев Тилек Кыдырмаевичтер алдын ала түзүлгөн графикке ылайык, Кара-Көл шаарынын эли менен жолугушуу өттү.
Ошондой эле, шаар мэри Т.Т.Конкобаев, шаар аймагындагы баардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана 500дөн ашык шаар тургундары катышышты.
Шаар мэри Т.Т.Конкобаев өзүнүн жасаган иштери боюнча отчёт берип өттү. Жарандардын кайрылуу, суроо-талаптарын кабыл алуу уюштурулуп, арыз-кайрылуулар кабыл алынды.