11.09.2026
Кароолор: (23)
ТООЛУУ АЙМАКТАРДАГЫ ИШКЕРЛЕРГЕ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК!
Кыргызстандын тоолуу аймактарында ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган «Бизнес-инкубатор жана акселератор» (БИА) гранттык программасы ишке киргизилүүдө.
Программа Италия Республикасынын 1 млн евро өлчөмүндөгү каржылык колдоосунун алкагында Тоолуу өнөктөштүк катышуусу жана Кыргыз Республикасындагы ФАО өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте ишке ашырылат.
Кимдер грант ала алат?
Кооперативдерге, социалдык ишканаларга жана башка уюмдарга долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 15 миңден 50 миң АКШ долларына чейин грант берүү каралган.
Каржылана турган негизги багыттар:
айыл чарба продукциясын кайра иштетүү;
мөмө-жемиш жана жаңгак өстүрүү;
сүт жана салттуу азыктарды өндүрүү;
балчылык;
жүн жана табигый була;
кол өнөрчүлүк;
агротуризм;
аквакультура;
жашылча-жемиштерди сактоо жана кайра иштетүү.
Программа Кыргызстандын жети облусундагы тоолуу аймактарды камтыйт.
Долбоорлор конкурстук негизде тандалат.
Программанын расмий башталышы 2026-жылдын сентябрь айынын ортосуна пландалууда. Арыздарды кабыл алуу эки жума жүргүзүлөт.
Кошумча маалымат үчүн:
0(500)-01-57-62