Көрүүсү начарлар үчүн версия

13.11.2024

Кароолор: (12)

ТАЗАЛЫК - ШААРДЫН КӨРКҮ

Кара-Көл шаарында мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана шаар тургундары массалык ишембиликке чыгышты. Жалпы ишембиликтин катышуучулары көчөлөрдү, борбордук аянттарды, эс алуучу жайларды жана башка коомдук жайларды тазалап, иретке келтиришти.

Шаар мэри буга чейин эл менен жолугушуу учурунда тазалыкты сактоого, ар бир жаранды ишембиликке активдүү катышууга чакырып келген. Шаар мэри Нуртилек Орозбаев шаар тазалыгы үчүн ишембиликти адатка айлантуу керек экенин баса белгилеген болчу.