Көрүүсү начарлар үчүн версия

03.01.2025

Кароолор: (25)

ТАМТЫГЫ ЧЫККАН ЖЫЙЫН ЗАЛ ТААНЫЛГЫС БОЛУП ӨЗГӨРДҮ

Мэриянын чоң жыйындар залы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Буга жумшалган каражат

Кара-Көл шаарына республикалык бюджеттен трансферт катары которулган.

Ремонттон кийин чоң зал таанылгыс болуп өзгөрүп, заманбап шарт түзүлдү. Залдын шыбы жасалды, 265 отургуч жаңы коюлду, чириген полуда толук жаңыланды. Чоң залга чоң монитор орнотулду. Микрофон, үн жогорулатуучу аппараттан бери камсыздалды.

Капиталдык ремонт мамлекеттик сатып алуу порталына чыгарылып, келишим түзүлгөндөн кийин жасалды.