27.11.2024
Кароолор: (28)
СУУ ЖЕГЕН КАТТАМ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кара-Суу дарыясынан өткөн жолду суу жеп, каттам токтоп турган. Учурда ӨКМдин жана шаардык тийиштүү мекемелердин техникалары менен суу жеген жерин кум-шагыл менен толтуруу иштери жүргүздү. Кезинде бул жол Токтогул ГЭСтин техникалары үчүн курулган.
Кийин ички каттамга өткөн. Каттоого кооптуу абалга келген каттамды Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев жеринен көрүп чыккан. Кийин тиешелүү кызматтар менен биргеликте иш жүргүзүп, анын жыйынтыгында авариялык абалга келген каттам бекемделип жасалып, пайдаланууга берилди.