Көрүүсү начарлар үчүн версия

13.11.2024

Кароолор: (11)

ШАЙЫРБЕК ЧОЛПОНКУЛОВДУН ЫСЫМЫ ОКУУ ЖАЙГА ЫЙГАРЫЛДЫ

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Кара-Көл колледжине Шайырбек Чолпонкуловдун аты коюлду. Ал буга чейин

14 жыл бою колледжде директор болуп иштеп, үзүрлүү эмгеги сиңген. 2023-жылы 59 жашында дүйнө салган. Агартуучунун ысымын окуу жайга ыйгарууну колледждин эмгек жамааты сунуштаган.

Салтанаттуу аземге Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев, Жалал-Абад мамлекеттик универстетинин ректору Кеңешбек Усенов, агайдын достору, жакын туугандары жана

үй-бүлөсү катышты. Колледждин кире беришине

Шайырбек Чолпонкуловдун

айкели орнотулуп, ачылуу аземи болду.

Кара-Көл колледжинде 327 студент билим алат.

16 окутуучу болсо, алардын ичинде профессор, техника илимдеринин кандидаттары бар.