30.11.2025
Кароолор: (4)
ШААРЫНДА ШАЙЛОО ТЫНЧ ЖАНА ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ ӨТҮҮДӨ
Бүгүн, Кара-Көл шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо салттуу тартипте 9 шайлоо участкасында башталып, добуш берүү аппараттары үзгүлтүксүз иштеп жатат.
Шаар аймагындагы 17 481 шайлоочунун ичинен саат 10:00гө карата 577 адам добуш берүүгө катышты.
Кечээ имараттан сырткары добуш берүү үчүн алдын ала арыз берген 75 жарандын 69у добушун берди. Мобилдүү шайлоо тобу шайлоочуларга шарт түзүп, процессти мыйзам чегинде жүргүздү.
Добуш берүү процессине талапкерлердин 79 байкоочусу, ошондой эле 3 эл аралык байкоочу көз салышууда.
Шайлоо жалпы тартипте, ачыктык жана коопсуздук шартында өтүп жатат.





