26.02.2026
Кароолор: (10)
ШААРДЫН БЮДЖЕТИ КАБЫЛ АЛЫНДЫ
Бүгүн, 24-февралда Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясы болуп өттү.
Жыйынга шаар мэри Нуртилек Орозбаев, шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов баштаган 27 депутат, ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Сессиянын күн тартибине 5 маселе коюлуп, алардын ар бири боюнча талкуу жүргүзүлүп, тиешелүү токтомдор кабыл алынды.
Алар 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча пайда болгон бош калган калдык жана үнөмдөлгөн каражаттарды каржылоо маселеси каралды.
2026-жылга карата шаардык бюджет жана 2027–2028-жылдарга финансылык болжол депутаттардын кароосуна сунушталып, шаардык кеңештин депутаттары тарабынан жактырылып, бирдей добуштан колдоо тапты.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге кошумча үстөктөрдү кошуу жөнүндө” шаардык кеңештин 2024-жылдын 5-сентябрындагы №187/39-8 сандуу токтомун 2025–2026-жылдарга күчүндө калтыруу маселеси каралып, колдоого алынды.
Кара-Көл шаардык кеңешинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы №69/10-9 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө.
Мында Серый көчөсүндөгү жалпы аянты 1,37 га муниципалдык жер тилкесине “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК тарабынан социалдык көп кабаттуу үй курууга макулдук берүү жөнүндө кабыл алынган токтомду жокко чыгаруу маселеси каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды.
2026–2030-жылдарга шаарды өнүктүрүү программасы каралып, бекитилди.











