Көрүүсү начарлар үчүн версия

28.11.2025

Кароолор: (3)

ШААРДЫН БАШКЫ ПЛАНЫ РАСМИЙ ТҮРДӨ БЕКИТИЛДИ

 

Бүгүн, 28-ноябрь күнү Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын ХI сессиясы болуп өтүп, ага 19 депутат катышты.

Сессиянын жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер каралып, эл өкүлдөрүнүн колдоосу менен бекитилди. Анын ичинде:

"Кара-Көл шаардык кеңешинин ардактуу атуулу жөнүндө" жобого өзгөртүү киргизүү;

УКМКнын Кара-Көл шаардык бөлүмчөсүнө тиешелүү бош административдик имаратты 801,7 м² жер тилкеси менен муниципалдык менчикке кабыл алуу;

Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы эки батирлерди Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине акысыз өткөрүп берүү. Себеби УКМКнын Кара-Көл шаардык бөлүмүнө кызматтык батир катары.

Дем берүүчү гранттар боюнча долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен бөлүнүүчү үлүш каражаттарын бекитүү;

Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондуна сунушталуучу долбоорлордун үлүштүк каржысына макулдук берүү;

Кара-Көл шаарынын 2045-жылга чейинки башкы планын бекитүү;

Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө отчет;

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Көл филиалынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жана пландары.

Сессияда кабыл алынган чечимдер шаарды өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу жана муниципалдык башкарууну өркүндөтүү багытында маанилүү кадам болуп эсептелет.