Көрүүсү начарлар үчүн версия

29.11.2025

Кароолор: (2)

ШААРДЫК КОЛЛЕГИЯДА 9 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

28-ноябрь күнү Кара-Көл шаарында 2025-жыл үчүн 9 айдын жыйынтыгын чыгарган шаардык коллегиянын отуруму өттү. Иш-чарага шаар мэри Нуртилек Орозбаев, шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлер катышты.

Коллегиянын күн тартибине үч негизги маселе киргизилди:

1. Кара-Көл шаардык мэриясынын жана тиешелүү мекемелердин 2025/2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине калкты жана экономика тармактарын даярдоо боюнча жүргөн иштеринин абалы.

2. Кара-Көл шаарынын 2025-жылдын 9 айында болгон социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы.

3. КР Президентинин Жарлыктарынын, Министрлер Кабинетинин, Жогорку Кеңештин, Президенттик Администрациянын, ыйгарым укуктуу өкүлдүн тескемелеринин, токтомдорунун жана буйруктарынын аткарылышы; жарандардын арыз-кайрылмаларынын каралышы; коррупциянын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар; ошондой эле 2023-жылдын 17-июлундагы “Мамлекеттик тил жөнүндө” №140 Конституциялык мыйзамынын мэрия жана тийиштүү мекемелер тарабынан аткарылышы тууралуу маалымат угулду.