19.01.2025
Кароолор: (52)
ШААРДЫК ИЧКИ ИШТЕР БӨЛҮМҮНҮН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

17-январь күнү Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылуу аземи болду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Абдиев Нурбек, шаар мэри Нуртилек Орозбаев, шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов жана облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милиция кызматкерлери катышты.
Шаар мэри милиция кызматкерлерин жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, түзүлгөн шарт жүктөлгөн милдеттерди так аткарууга, кылмыштуулукту азайтууга түрткү болот деген ишенимин билдирди. Өз сөзүндө Нуртилек Орозбаев
милиция кызматкерлерин коррупциялык иштерден алыс болууга чакырды. Белгилей кетсек, ШИИБдин имаратынын эскиргенине көп жыл болгон март айында башталып, учурда пайдаланууга берилди.