26.11.2025
Кароолор: (2)
ШААРДАГЫ КАФЕ,РЕСТОРАНДАР ТЕКШЕРИЛДИ
25-ноябрында Кара-Көл шаарында «Тынчтык жөнүндө» мыйзамынын сакталышын камсыздоо максатында рейд өткөрүлдү. Аталган иш-чарага шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан, шаардык ички иштер бөлүмүнөн жана шаардык мэриянын өкүлдөрү катышып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №949-т токтомунун талаптарын аткаруу багытында иш жүзүнө ашырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаар аймагындагы кафе жана ресторандардын ээлерине профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, санитардык талаптарды, коомдук тартипти жана ченемдерди так сактоо боюнча тиешелүү эскертмелер жана сунуштар берилди.
Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана мыйзамдардын толук кандуу аткарылышын көзөмөлдөө боюнча профилактикалык жана көзөмөл иш-чаралары мындан ары да үзгүлтүксүз, системалуу түрдө уланып турат.


