06.12.2025
Кароолор: (9)
ШААРДАГЫ ЭТ, КӨМҮРДҮН БААЛАРЫ ТЕКШЕРИЛДИ
6-декабрь күнү Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаевдин тапшырмасына ылайык, шаардагы эткана, көмүр сатуучу жайларда бааларды негизсиз көтөрүүнүн алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү.
Рейдге мэрдин орун басары Манас Абдыкалыков, Мамлекеттик антимонополия кызматынын Жалал-Абад облусундагы бөлүмүнөн Канжар Эрмеков, ички иштер бөлүмү, муниципалдык менчик башкармалыгы, шаардык санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык кызмат өкүлдөрү катышты.
Алар этканалардагы жана көмүр сатуучу жайларындагы бааларды текшерип, ишкерлерге негизсиз бааны жогорулатпоонун талаптарын түшүндүрдү.
Эт сатуу боюнча:
Уй этинин баасы — 680 сомдон ашпоого тийиш
Кой этинин баасы — 700 сомдон ашпоого тийиш
Бүгүнкү күндө шаарда 1 кг уй эти 680 сом, кой эти 700 сомго чейин сатылып жатат.







