Көрүүсү начарлар үчүн версия

07.10.2025

Кароолор: (15)

ШААР ЖАШТАРЫН КОЛДОО

Бүгүн, 7-октябрь Кара-Көл шаардык жаштар кеңешинин курамы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, көз карандысыз эксперт Байназаров Искендер, Жаштар уюмдары менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Иниятов Октябрь менен жолугушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаштарга ыңгайлуу шарттарды түзүү, алардын коомдогу активдүүлүгүн арттырып, жаңыча көз карашын колдоо боюнча талкуу жүрдү.

Шаардык жаштар кеңешинин мүчөлөрү талкууга активдүү катышып, өз ойлорун, замандын талабына жараша жаңыча көз караштарын, сунуштарын кеңири айтып жатты.

Жолугушуунун соңунда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү шаардын жаштарынын берген сунуштарын эске алып, андан ары ишке ашырууда шаардык мэрия, жаштар кеңеши менен чогуу иш алып барууну мындан да жакшыртууну демилгелешти.