28.05.2026
Кароолор: (5)
ШААР ТУРГУНДАРЫНЫН ҮНҮ — КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА
Бүгүн, 28-майда Кара-Көл шаарынын мэри Эдилбек Тажимырзаев “Коомдук кабылдама” аркылуу алдын ала жазылган жарандарды кабыл алып, шаар тургундарынын көйгөйлөрүн жана сунуштарын укту.
Кабыл алууга келген жарандар жер маселелери, КОРТ жана балдар ойноочу аянтчаларды куруу боюнча кайрылышса, Чоң-Таш айылынын жашоочулары таза суу жана коомдук транспорт маселесин көтөрүштү.
Ар бир айтылган көйгөй көңүл сыртында калган жок. Тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип, маселелерди чечүү жолдору талкууланды.
Эске салсак, ар жуманын бейшемби күндөрү саат 14:00дөн 16:00гө чейин шаар мэри жарандарды жеке кабыл алат.













