30.11.2025
Кароолор: (11)
ШААР ТУРГУНДАРЫ АКТИВДҮҮ КАТЫШУУДА
Бүгүн, 30- ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо Кара-Көл шаарында 9 шайлоо участкасы иштеп жатат.
Шайлоо аппараттары үзгүлтүксүз иштеп, шаар аймагында саат 18:00гө 5485 адам добуш берди. Бул пайыздык көрсөткүчтө 31,4 % ды түзөт.
Кечээ, 29- ноябрь көчмө урна аркылуу добуш берүү үчүн алдын ала арыз берген 75 жарандын 69у добуш берди.
Добуш берүү процессине талапкерлерден 79 байкоочусу, ошондой эле 3 эл аралык байкоочу көз салышууда.




