07.08.2025
Кароолор: (21)
ШААР МЭРИНИН ОРУН БАСАРЫ ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Бүгүн, 7- августта Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары Манас Абдыкалыков кабыл алуу графигине ылайык “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.
Шаар тургундары мыйзамсыз курулуштар, жерлерге документ алуу маселелери боюнча көйгөйлөрүн айтышты.
Белгилей кетсек, ар жуманын бейшемби күндөрү саат 14:00 дөн 16:00 гө чейин шаар мэри жарандарды кабыл алат.