Көрүүсү начарлар үчүн версия

18.12.2025

Кароолор: (10)

ШААР МЭРИ ДЕЛЕГАТТАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев IV Элдик Курултайга эл тарабынан шайланган делегаттарды кабыл алып, алар менен биргеликте курултайда талкуулана турчу негизги багыттар боюнча пикир алышты.

Жолугушууда шаар ичиндеги мамлекеттик деңгээлде чечилүүгө тийиш бир катар көйгөйлөр, аймактын өнүгүүсү жана коомчулуктун суроо-талаптарына байланышкан маселелер талкууланды.

Буга чейин жергиликтүү коомчулуктун жыйынында шайлоо аймактарынан келген 58 делегаттын добушу менен IV Элдик Курултайга өкүл катары Эгембердиев Эркинбек жана Бабаканова Назгүл тандалган.