01.06.2026
Кароолор: (8)
ШААР МЭРИ БАЛМУЗДАК ТАРКАТТЫ
Бүгүн, 1-июнда Кара-Көл шаарында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага шаар мэри Эдилбек Тажимырзаев катышып, шаардагы бардык бөбөктөрдү, наристелерди жана балдарды майрамы менен куттуктады.
Иш-чаранын алкагында кызыктуу оюндар, конкурстук программалар жана көңүлдүү концерттик номерлер уюштурулуп, балдарга белектер, оюнчуктар жана балмуздактар таратылды.
Ошондой эле шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын каттоосунда турган 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, церебралдык шал оорусу менен жабыркаган балдарга, Чернобыль апаатынан жабыр тарткандардын неберелерине, тоголок жана жарым жетим балдарга, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына колдоо көрсөтүлдү.
Жалпысынан 332 балага жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар бирине 1000 сомдон, жалпы суммасы 332 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам бөлүнүп, каражат ата-энелери аркылуу алардын банктык эсептерине которулду.